// //

Кош бойлуу кездеги кооптуу белгилер

2019.04.19, 15:55
21631

Мындай белгилер билинери менен дароо медициналык жардамга (тез жардам, жакын арадагы төрөт үйү, же башка медицина мекемелерине) кайрылгыла.

  • Катуу баш ооруса, баш айланса, көздүн көрүүсү начарласа (даана көрүнбөсө, чыбырчыктаса), жүрөк айланса, кусса
  • Капысынан же тез арада бетин же денесин шишик баса баштаса, заарасы азайса
  • Денеси карышса, эсин жоготсо
  • Жан жерден ачык түстөгү кан кетсе
  • Ичи кескин, катуу, такай ооруса; жүүнү бош болуп, башы айланса
  • Суу кетсе
  • Эти ысыса, жүрөгүнүн согушу ылдамдаса, энтиксе

Төмөнкү белгилер болгондо дарыгердин кеңеши зарыл:

  • Заара ушатууда жан жери ачышып ооруса
  • Жан жери абдан кычышса же ачышса, же суюктуктун келүүсү көбөйсө
  • Баланын кыймылы солгундаса же басылса
  • Алы кетсе, же демиксе
  • Өңү, алакан оту кубарса

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
22.02.2021, 22:14

7 неделя боюмда бар бирааз суу келип жатат жагымсыз жыты бар бул эмнеден эмне кылыш керек 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт