Кош бойлуу кездеги кооптуу белгилер
2019.04.19, 15:55
24079
Мындай белгилер билинери менен дароо медициналык жардамга (тез жардам, жакын арадагы төрөт үйү, же башка медицина мекемелерине) кайрылгыла.
- Катуу баш ооруса, баш айланса, көздүн көрүүсү начарласа (даана көрүнбөсө, чыбырчыктаса), жүрөк айланса, кусса
- Капысынан же тез арада бетин же денесин шишик баса баштаса, заарасы азайса
- Денеси карышса, эсин жоготсо
- Жан жерден ачык түстөгү кан кетсе
- Ичи кескин, катуу, такай ооруса; жүүнү бош болуп, башы айланса
- Суу кетсе
- Эти ысыса, жүрөгүнүн согушу ылдамдаса, энтиксе
Төмөнкү белгилер болгондо дарыгердин кеңеши зарыл:
- Заара ушатууда жан жери ачышып ооруса
- Жан жери абдан кычышса же ачышса, же суюктуктун келүүсү көбөйсө
- Баланын кыймылы солгундаса же басылса
- Алы кетсе, же демиксе
- Өңү, алакан оту кубарса
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.