Күйөөм 8-класска чейин эле окуган. Кантип күбөлүк алса болот?
2019.04.18, 13:40
891
Саламатсызбы? Менин жолдошум 8-классты бүтүп окубай калган экен. Эми 9-классты бүткөн деген күбөлүк алышы керек болуп жатат. Кайда кайрылып, кантип алсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2019, 13:46
Марина Гречаная
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы
Күйөөңүз белгилүү бир себептерден улам толук билим алалбай калса, сырттан билим берүү мекемелеринен окуусун бүтүрө алат. Бул үчүн ар бир облуста, район, шаарларда атайын кечки мектептер ачылган.
8-класска чейин кайсы мектепте окуса ошол жерге барып, документтерин алып, жашаган жеринин райондук билим берүү борборуна кайрылып, кечки мектепке тапшырса болот.
0
Пайдалуу жооп