Мен чет жерде жүрөм, ID-картамдын жарактуу мөөнөтү жакында бүтөт
2019.04.18, 12:15
839
Саламатсызбы. Менин ID-картамдын жарактуу мөөнөтү ушул жылдын май айында бүтөт. Азыр ден соолугума байланыштуу Түркиядамын. Кыргызстанга август айында кайтам. Эмне кылышым керек? Кеңеш берип коюңузчу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2019, 12:16
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Урматтуу окурман, сиздин маселеңиздин чечүү жолу өтө оңой. Эч кабатыр болбой Кыргызстанга жалпы жарандык (загран) паспорт менен кайта берсеңиз болот. Мекенибизге келгенден кийин ID-паспортуңузду жасатып аласыз. Бул үчүн эч кандай штраф алынбайт.
0
Пайдалуу жооп