Досторум түнкүсүн түшүркөп калыптырмын деп айтышат, меники андай эмес
2019.04.17, 16:03
958
Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын. Досторум түнкүсүн түшүркөп калыптырмын деп көп айтышат. Меники андай эмес. Бул нормалдуу элеби, же менин бир жерим ооруйбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.04.2019, 16:06
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Сиз айтып жаткан нерсе түнкү поллюция деп аталат. Ал бардык эле эркектерде боло бербейт. Негизи ар бир адам индивидуалдуу, ошондуктан өзүңдү башкалар менен салыштыруу туура эмес. Мындай салыштыруулар психикага терс таасирин тийгизет, жана узак убакытка чейин эсте калат. Сиздин тынчыңызды алган көйгөй, же кандайдыр бир оорунун симптомдору болсо мага келип кайрылыңыз. Жардам бергенге аракет кылам.
0
Пайдалуу жооп