Апам Өзбекстандын жараны, Кыргызстандын паспортун кантип алса болот?
Саламатсызбы. Менин апам 1983-жылы Өзбекстандан келин болуп келген. 2000-жылы паспортун жоготуп алган. Ошондон бери паспорт ала-албай жатат. Нике күбөлүгү бар. Паспорт столдогулар Өзбекстандан “форма 1” деген документ алып кел дейт, ал жактагылар почта аркылуу жөнөткөнбүз дешет, бул жактагылар келген жок деп айтышат. Кантип паспорт алсак болот? Жакында пенсияга да чыгышы керек эле...
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Урматтуу окурман. Мындай жагдайда болгон документтердин бардыгын чогултуп, паспорт столуна барып арыз жазыңыз. Апаңыз үчүн конфликт комиссиясын түзүп беришет. Ооба сиз айткандай “Ф-1” формасы керек. Аны өздөрү Өзбекстандан сурап алышат. Ошондон кийин апаңызды же Кыргызстандын жараны деп кабыл алышат, же жарандыгы жок адам деп бүтүм чыгарышат. Жарандыгы жок деп чечилсе, кадимкидей документтерди чогултуп, жарандыкка тапшырат.
Ийгилик!