Чет өлкөгө канча жаштан баштап иштегени кетсе болот?
2019.04.17, 13:47
1858
Саламатсызбы! Жашым 18 де. Чет мамилекетке канча жаштан баштап чыкса болот? Дубайга барып иштесемби дегем.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.04.2019, 13:56
Нурислам Раимжанов
Юрист
Салам! 18 жаштагы адам бойго жеткен жаран болуп эсептелинет. Ал эми бойго жеткен жаран башка өлкөгө барууну же барбоону өзү чечет, бул анын укугу. Бирок, мен сага ага катары башка өлкөгө иштөө үчүн кетүүнү сунуштабайм. Мүмкүнчүлүк болсо жогорку же орто окуу жайларына тапшырып, билим ал.
Эгер шартка байланыштуу иштөөгө туура келсе КРнын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинен кандай вакансиялар бар экенин тактап, укуктарыңды билип алсаң пайдалуу болот.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп