Билимимди жогорулатуу үчүн ЖРТ тапшырышым керекпи? Адис жооп берет
Саламатсызбы! Мен 9-классты бүтүп, экономика менен бухгалтердик учетту окугам, орто билимдин ээсимин. Учурда жеке компанияда кассир болуп иштейм. Билимимди жогорулаткым келет. Ал үчүн ЖРТ керекпи же диплом менен эле тапшырсам болобу?
Марина Гречаная
Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы
Саламатсызбы! Коллдежден кийин профилиңизди өзгөртпөй турган болсоңуз, жогорку окуу жайдын аттестациялык комиссиясы аркылуу өтөсүз. Эгерде профилиңизди өзгөртүп, башка кесип тандайм десеңиз Жалпы республикалык тест тапшырууңуз керек.
Аттестациялык комиссия - сиздей категориядагы абитуриенттер үчүн кабыл алуу комиссиясы. Алар окуу курсун аныктоо үчүн академиялык айырманы аныкташат. Мисалы, ар кандай тест уюштурушу мүмкүн. Мындайча айтканда, ар бир ЖОЖ өзүнүн каалосу менен өткөрөт.
Сизге ийгилик каалайм!