Эпиялция жана депиляция деген эмне? Экөөнүн айырмасы кандай?
Саламатсызбы. Эпиляция менен депилциянын айырмасын жана канчалык эффективдүү экенин айтып бериңизчи?
Бегимай Замирбек кызы
Шугаринг чебери
Саламатсызбы. Экөөнүн тең башкы максаты денедеги ашыкча кылдардан (жүндөн) арылуу. Эпиляция шекер, воск же жип менен жасалат. Анда кылдар тамыры менен жулунуп алынат. Процедура оорутат, бирок бир нече жолу жасагандан кийин көнүп каласың. Эпиляциянын артыкчылыгы, кылдар түбү менен жулунгандыктан улам кийинки чыкканы ичкерип, азайып, айрымдарыныкы убакыттын өтүшү менен өспөй калат. Эффектиси 1-2 жумага чейин жетет.
Депиляция - бул теринин үстүнкү катмарындагы кылдарды алуу. Бритва менен же атайын кремдер менен кыруу. Мында кылдардын тамырына эч кандай таасир болбойт. Кыргандан кийинки эффект бир нече күнгө жетип андан кийин кайра өсө баштайт. Кылдар улам калыңдап, кубаттуу болот, кээде ийилип, терини көздөй өсөт. Ал учурда дене кычышып, аллергияны пайда кылышы мүмкүн.