// //

Гайморитке үй шартында эмне кылсам болот? Адистен жооп

2019.04.16, 13:13
4265

Саламатсызбы! Октябрь айында гайморитке каршы операция жасаткам. Угушума караганда операция жолу менен 100 пайыз айыкпайт экен. Үй шартында эмне кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.04.2019, 13:36

Таттыгүл Агыбаева 

Дарыгер-лор

Окурман, гайморитке каршы сизге кандай операция жасалды? Гайморотомия же жөнөкөй тешүү (прокол гайморита) жолу мененби? 

Учурда кандай симптомдор болуп жатат? Мурунуңуз бүтүп жатабы же ириң агабы? 

Мурун тосмосу кыйшык болсо гайморит эмес "вазомоторный же гипертрофический ринит" болушу мүмкүн. Ошол үчүн сизге кандай операция жасалганын жана мурун көңдөйүн көрмөйүн үй шартында дарылануу жолун сунуштай албайм.

Мүмкүн болсо буга чейинки коюлган диагнозду алып мага кайрылыңыз. 

Ден соолук каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт