Гайморитке үй шартында эмне кылсам болот? Адистен жооп
2019.04.16, 13:13
4814
Саламатсызбы! Октябрь айында гайморитке каршы операция жасаткам. Угушума караганда операция жолу менен 100 пайыз айыкпайт экен. Үй шартында эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.04.2019, 13:36
Таттыгүл Агыбаева
Дарыгер-лор
Окурман, гайморитке каршы сизге кандай операция жасалды? Гайморотомия же жөнөкөй тешүү (прокол гайморита) жолу мененби?
Учурда кандай симптомдор болуп жатат? Мурунуңуз бүтүп жатабы же ириң агабы?
Мурун тосмосу кыйшык болсо гайморит эмес "вазомоторный же гипертрофический ринит" болушу мүмкүн. Ошол үчүн сизге кандай операция жасалганын жана мурун көңдөйүн көрмөйүн үй шартында дарылануу жолун сунуштай албайм.
Мүмкүн болсо буга чейинки коюлган диагнозду алып мага кайрылыңыз.
Ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп