Омник деген даары жөнүндө маалымат бериңизчи? Уролог жооп берет
2019.04.16, 11:42
1562
Омник деген дарыны врач жазып берди эле. Ал кандай дары, толук маалымат бериңизчи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.04.2019, 11:43
Азат Бейшенов
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Омниктин негизги таасири - заара ушатканды жеңилдетет, аденоманы кичирейтет.
Препарат простата бези (аденома простаты) сезгенгенде жазылат. Дарыны сөзсүз дарылап жаткан доктур жазып бериши керек. Өз алдынча сатып алып ичкен кооптуу. Анын үстүнө, Омник жалгыз эле жазылбайт. Себеби, простата бези комплекстүү түрдө дарыланат.
Омник дарысын жазгандан мурун дарыгер бөйрөк, табарсык, жана простата безин УЗИге түшүрүүгө жөнөтөт.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп