// //

Эмчектин кандидозу деген эмне? Маммолог жооп берет

2019.04.15, 15:20
5292

Эмчектин кандидозу (молочница) эмнеден улам пайда болот жана аны кантип айыктырыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.04.2019, 15:24

 Аида Осомбаева

Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог

Эмчек безинин кандидозу “сandida” түрүндөгү грибоктон улам пайда болот. Эл арасында эмчектин “молочницасы” деп аташат. Бул ооруга көпчүлүк учурда бала эмизип баштаганда чалдыгышат.

Анын белгилери төмөнкүдөй:

  • эмчек ооруйт;
  • үрптөрдүн териси өзгөрөт (кургайт, кычышат, ачышат);
  • үрптөрдүн түсү ачык күлгүн (ярко-розовый) боло түшөт;
  • тери жылтырак болуп калат;
  • тери сыйрылып тушөт.

Башка оорулардын да белгилери кандидозго окшош болот. Аллергия, бактериалдык дерматит, экзема, псориаз же жөн гана жаңыдан эмизгенде деле жогорудагыдай симптомдор болушу мүмкүн. Ошондуктан эмчегиңиз ооруп жатса дерматологго же маммологго кайрылып, дарыланыңыз.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
24.04.2019, 13:35

Эмчегимде без бар ошону кантип уй шартында аяктырсам болот ? Кийин торогондо коркунучу жокпу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт