Эмчектин кандидозу деген эмне? Маммолог жооп берет
2019.04.15, 15:20
5734
Эмчектин кандидозу (молочница) эмнеден улам пайда болот жана аны кантип айыктырыш керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.04.2019, 15:24
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Эмчек безинин кандидозу “сandida” түрүндөгү грибоктон улам пайда болот. Эл арасында эмчектин “молочницасы” деп аташат. Бул ооруга көпчүлүк учурда бала эмизип баштаганда чалдыгышат.
Анын белгилери төмөнкүдөй:
- эмчек ооруйт;
- үрптөрдүн териси өзгөрөт (кургайт, кычышат, ачышат);
- үрптөрдүн түсү ачык күлгүн (ярко-розовый) боло түшөт;
- тери жылтырак болуп калат;
- тери сыйрылып тушөт.
Башка оорулардын да белгилери кандидозго окшош болот. Аллергия, бактериалдык дерматит, экзема, псориаз же жөн гана жаңыдан эмизгенде деле жогорудагыдай симптомдор болушу мүмкүн. Ошондуктан эмчегиңиз ооруп жатса дерматологго же маммологго кайрылып, дарыланыңыз.
0
Пайдалуу жооп