Кыргызстандын конституциясы жоолук салынууга тыюу салабы?
Кыргыз Республикасынын конститутциясы жоолук салынууга тыюу салабы?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жоолук салынууга тыюу салынган эмес.
Жоолук салынуу же салынбоо бул сиздин жеке чечимиңиз. Жеке жашооңуз мамлекетке, коомго эч кандай зыян келтирбесе, ага кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок.
Ошондой эле, КРдин Конституциясында “Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу» деп көрсөтүгөн.
Эгерде сиз өзүңүздүн диний көз карашыңыздан улам жоолук салынууга тыюу барбы деп сурап жатсаңыз, КРдин Конституциясынын 32-беренесинин 4-бөлүмүндө «Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес» деп көрсөтүлгөн.