“Отчество” деген жерге эчтеке жазбай койгонго укугум барбы?
2019.04.15, 12:52
1463
Фамилиямды өзгөртүп, отчество деген жерге эчтеке жаздырбай койгонго укугум барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.04.2019, 12:52
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Урматтуу окурман, албетте фамилияңызды өзгөртсөңүз болот, бирок атасынын аты деген графага жеткенде суроолор келип чыгышы мүмкүн. Кандай фамилияга өткүңүз келет, ошондон көз каранды. Мисалы, аты-жөнуңүздө “уулу”, “кызы” же “тегин” деген сөздөр бар болсо, анда атасынын аты жазылбайт. Ал эми “-ов” же “-ова” менен бүткөн фамилияларды отчествосу жок каттай албайбыз. Кененирээк маалыматты 119 номеринен билсеңиз болот.
0
Пайдалуу жооп