Актриса болгум келет. Кайсы окуу жайга тапшырсам?
Мен келечекте актриса болгум келет. Бишкектеги театралдык окуу жайлар жөнүндө айтып бересизби?
Евгения Чубукова
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Тетралдык окуу жайда окууну кааласаңыз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство же Кыргыз-Түрк Манас университетине, ошондой эле Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын астында ачылган актерлорду даярдоо үчүн улуттук театр студиясына тапшырсаңыз болот.
Окутуу бюджеттик жана контрактык негизде жүргүзүлөт. Ал үчүн ЖРТдан тышкары, окуу жайлардын өздөрүнүн конкурстарынан жана сынактарынан өтүшүңүз керек. Орто билим берүү мекемелерине ЖРТнын кереги жок.
Ошондой эле азыр ар түрдүү театрлардын астында ачылган жеке курстар, мектептер бар. Кененирээк маалыматты окутуу мекемелердин өзүнө барып биле аласыз.