Жети айлык кызым көп тердейт. Педиатр жооп берет
2019.04.12, 10:44
5709
Саламатсызбы! Жети айлык кызым уктаганда же жөн эле жүргөндө тердейт. Көбүнчө уктап жатканда. Дарыгерден жакшы кеңеш ала албадым. Д3 витаминин ичти, бирок жыйынтык жок. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2019, 10:57
Анара Базаркулова
Педиатр
Саламатсызбы! Эмчек эмип жатканда чекеси тердесе, уктап жатканда башын жаздыкка чайпаса, башынын артындагы чачы түшүп, жолчо болуп калса кызыңыз итий (рахит) болуп ооруп жатат. Витаминдерди берүү керек, кайрадан дарыгерге кайрылыңыз.
Ошондой эле ар түрлүү тамактарды (эт, балык, жер-жемиш, жумуртка) бериңиз. Бир маал күнгө чыгарып уктатып туруңуз. Массаж жасатуу да пайдасын берет.
Кызыңызга ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп