Кызымдын ичи катып, кыйналып жатат. Эмне кылсам болот?
2019.04.11, 15:22
6823
Саламатсызбы! Менин бир жарым жашар кызымдын ичи катып, кыйналып жатат. Кыздыгына зыяны тийбейби? Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.04.2019, 15:29
Анара Базаркулова
Педиатр
Окурман, ичтин катуусу туура эмес тамактануудан келип чыгат. Көбүнчө бир мүнөздө тамактанган баланын ичи катат. Ар түрдүү тамактарды берип, туура режимге өтүңүз. Кызыңызга жер-жемиш, кызылча, салат, өсүмдүк майын бериңиз.
Ал эми, ич катуунун кыздык белгиге эч кандай тиешеси жок. Кыздык таптакыр башка орган.
Сизге кеңешим, дарыгерге кайрылыңыз. Тамактануудан тышкары себептери болсо гастроэнтерологго текшертип, көйгөйдү чечиңиз.
Кызыңызга ден соолук!
0
Пайдалуу жооп