Жоолугумду чечпей туруп мектептен практикамды өтөсөм болобу?
Саламатсызбы, жардамыңыз керек. Мен кыргыз тили адистигинде экинчи курста окуйм. Жакында практикага чыгабыз. Мектепте окуп жүргөндө жоолук ороном десем мектеп уруксат бербей койгон. Эми өзүмдүн мектебиме практика өтөгөнү барам. Жоолугумду чечпей өтөсөм болобу? Мектептин талабын жана өзүмдүн укугумду билгим келет.
Марина Гречаная
Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы
Тилекке каршы, жоолук оронуп мектепте сабак өтө албайсыз. Анткени Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, билим берүү диний институттардан көз карандысыздыгы боюнча биринчи орунда турат. Бул нормага таяна турган болсок, мугалимдин кандайдыр бир динге тийиштигин билдирген кийим же аксессуарларга тыйуу салынган.