Кайын энем уулун менден кызганат. Психолог жооп берет
Саламатсызбы. Кайын энем уулун менден кызганат. Өзү кайын атам менен ажырашып кеткен экен. Кыялы оор, күйөөм экөөбүздү уруштурат, ортобуздагы сезимдер деле калбай калды. Менин көзүмчө эле күйөөмө “сен эркексиң, чарчадың, барып эс алып кел”, - дей берет. Ал акыркы күндөрү экинчи аял алам деген сөздү да көп айта баштады. Жумушунан түнкү он эки, бирде келет, ойношу бар окшойт. Экөөбүз эч жака барбайбыз, жаш жубайлардай деле эмеспиз. Апам айтты, апам деди, деп эле уруша беребиз.
Психолог, @psiholog_kg_bishkek
Кутман күн окурман. Үй-бүлөңүздөгү жагдайды гана айтып, өзүңүздүн эмнени каалап жатканыңызды белгилебептирсиз. Баамымда жолдошуңуз менен тынч жашоону каалайсыз. Сиз бул оюуңузду ишке ашыруу үчүн кандай аракеттерди жасадыңыз? Жолдошуңуздун ойношунун болуп же болбогондугу да күмөн. Себеби, сиздин божомолдооңуз кайын энеңиздин сөздөрүнөн улам пайда болгон фантазия.
Сиз алгач өзүңүздүн максаттарыңызды, үй-бүлөгө байланыштуу каалоо-тилегиңизди, пландарыңызды так аныктап алыңыз. Ал үчүн жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүңүз. Келечегиңер кандай болот? Ал үчүн эмне кылыш керек? - деген суроолорго жооп берип, ар бириңердин милдеттериңерди бөлүштүрүп алгыла.
Фантазия – бул ой, ойдун түбү, чеги жок. Ошондуктан, сүйлөшүңүз.