// //

"Береке" системасы аркылуу 5 мүнөт ичинде акча которуп же алсаңыз болот

2019.04.10, 15:32
1788

"Береке" системасынын колдонуучулары 1 млн сомго чейин акчаны заматта жөнөтө алат. "Береке" системасынын өнөктөш-банктарынын каалаган филиалдары аркылуу акча которууларды жүргүзүү мүмкүн. Алар:

• "Айыл Банк"

• "Дос-Кредобанк"

• "Капитал Банк"

• Евразиялык аманат банк

• Кыргыз-швециялык банк

• "Кыргызкоммерцбанк"

• Инвестициялык банк "Чанг Ан" 

• "Халык Банк Кыргызстан"

• "Банк Азия"

• "ФинансКредитБанк"

• "Аманбанк"

• МФК "ИНКОМ"

• АКБ "Хамкор Банк" Өзбекстан Республикасы.

Которулган акча өнөктөш-банктын кайсы бөлүмүнөн жөнөтүлгөнүнө карабастан, каалаган бөлүмдөрүнө барып алса болот. 

"Береке" акча которууларынын артыкчылыктары:

  • Кайда жана кайдан жөнөтүлгөнүнө карабастан, 5 мүнөттүн ичинде акча которууну алуу.
  • Комиссияны акча которууну жөнөткөн адам гана төлөйт.
  • Которуу кайсы бөлүмүнө жөнөтүлгөнүнө карабастан, “Айыл Банктын” каалаган бөлүмүндө алуу мүмкүнчүлүгү.
  • Которуулар улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютасында жүргүзүлөт.
  • Бир кардар үчүн бир айдын ичиндеги жалпы акча которууларынын өлчөмү 1 000 000 сом же башка валюталардагы эквивалентин түзөт (EURO, USD, RUB, KZT).
  • Которууну алуучунун банктык эсебине же "Элкарт" төлөм картасына жиберсе болот (өнөктөш-банктардын бирөөсүнүкү болсо).
  • Которуу 30 күн “Береке” системасында сакталат. Эч ким келип алып кетпесе, кайра жөнөтүүчүгө (банктын ошол эле филиалына) жөнөтүлөт.

Комиссия

Физикалык жак "Айыл Банк" аркылуу которсо - 40 сом (0,5 доллар/ евро, 100 тенге, 30 рубль болот, акча которуунун валютасына жараша), банктык эсепке которсо - 30 сом, "Элкарт" үчүн - 40 сом.

Которууну жөнөтүү үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Банктын операционисти толтурган “Которууга арыз” бланкына, алуучунун аты-жөнүн көрсөтүү менен, кол тамгасын коюу;
  • Кассага которуунун суммасын киргизүү жана комиссияны төлөө;
  • Оператордон которуунун кодун алуу;
  • Алуучуга которуунун кодун жана суммасын билдирүү.

Кененирээк маалымат үчүн телефондор:

  • 0 (312) 68-00-00
  • +996 (556) 68 00 00.

"Айыл Банк" сизге жакын!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт