// //

Бел сууну аялдар маска катары колдонсо болобу? Косметолог жооп берет

2019.04.09, 16:05
7131

Эркектин спермасын аялдар маска катары колдонсо болобу, зыяны жокпу?

Bilesinbi.kg окурмандын суроосуна жоопту косметолог Асель Алымбаевадан алып берди.

Мен 12 жылдан бери косметолог болуп иштейм. Бирок бир да жолу спермадан маска жасап көргөн эмесмин. Жумушумда түрдүү косметикаларды колдонуп келем, бирок биринин да курамында эркек кишинин бел суусунун болушун көргөн эмесмин. Аны колдонуу же колдонбоо ар бир адамдын өз чечими.

Интернеттен алынган маалыматка таянып төмөнкүлөрдү биле алдык

Эркек кишинин бел суусу көп кылымдан бери косметикалык максатта колдонулуп келген. Анын курамындагы белок жана лимон кычкылы бетти агартып, угрилерди кетирет, кальций теринин жумшак болушуна жардам берет.  

Бирок! Сперма пайдалуу болот эгер ал мырза:

  • тамеки чекпесе
  • алкоголь ичпесе
  • баңги затын колдонбосо
  • майлуу, туздуу, ачуу, газдалган тамак жебесе
  • ашказанында көйгөйлөрү жок болсо
  • бөйрөгү оорубаса
  • простатит оорусу менен оорубаса

Кимдерге жарабайт

  • 25 жашка чейинки жаш кыз-келиндерге жарабайт.
  • Бардык эле аймдардын терисине жарай бербейт. Айрымдарыныкы аллергия пайда болушу мүмкүн.
  • Эгер кальций же белокко аллергияңыз бар болсо да болбойт.
  • Бул гиппоалергендүү продукт эмес. Бетти кызартып, шишитет (отек).
  • Сперманы нак бойдон колдонуу өтө кооптуу. Органикалык зат болгондуктан беттин терисин күйгүзүп салуу коркунучу жогору.

Косметологияда

Бүгүнкү күндө айрым косметикалык өндүрүшчүлөр бел суунун негизинде бет терисине арналган каражаттарды чыгарышат. Андай кремдердин баасы кымбат – 200-300$. Мындай препараттардын курамына эркек кишинин спермасы эмес жаныбарлардын (букалардын же чочколордун) эякуляты кирет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
30.04.2019, 15:19

Туура кошулам

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт