Милиция мас атама айып салыптыр. Бул туурабы?
Саламатсызбы! Атам арак ичет. Бир күнү ичип келип уруш чыгарганда, милицияны чакырганбыз. Атамды алып кеткен. Наркологияга алып барып 5500сом айып салып коюптур. Милициянын кылганы туурабы?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматту окурман, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 81-беренесинин негизинде сиздин атаңызга 3-категориядагы айып пул салынган болушу мүмкүн. Анткени, бул 81-беренеде “Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто, же болбосо башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды колдонуу же спирт ичимдиктерин ичүү, ошого тете коомдук жайларда адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактоочу мас абалында жүрүү, 3-категориядагы айып пул салууга алып келет (5500 мин сом)” деп көрсөтүлгөн.
Тактоо үчүн протоколду көрсөңүз болот. Эгер эч кандай протокол түзбөй эле 5500сом айып салса, мыйзамсыз болот.