Мен өтө арыкмын, мага кандай кеңеш бересиз? Диетолог жооп берет
Саламатсызбы. Суроом мындай: мен 20 жаштамын, өтө арыкмын. Күчтүү тамак деле жейм болбойт. Мени менен теңдер менин жанымда чоң болуп көрүнөт. Мага кандай кеңеш бересиз?
Ольга Тельпизова
Диетолог
Саламатсызбы. Адамдын дене түзүлүшү ар түрдүү болот,ошондуктан арыктыгыңыз орууга тийиштүү деп айта албайм. Катталган жериңиздеги доктуруңузга барып, текшерилиңиз. Ар бир адамда дене салмагынын индекси бар. Чоңдор, балдар жана карыларга тиешелүү нормалар болот. Сиз 20 жашта экенсиз, эгер индексиңиз 18.5ден төмөн болсо, патология деп эсептейбиз. Дарылоодон мурун себебин так аныктап алуу зарыл. Гормоналдык бузулуу болушу мүмкүн, гастроэнтерологиялык же ичеги тарабынан чыккан маселе болушу мүмкүн. Текшерүүдөн кийин гана дартыңызды жоюга аракет кылабыз.
Саламатта болуңуз!