// //

Стипендиялык программалар: Казакстанда окугусу келгендерге жагымдуу кабар

2019.04.09, 11:58
1297

2019-2020-окуу жылына карата Казакстан Республикасы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн окууга 5 гранттык орун бөлүп берди. 

  • Бакалавриат программалары боюнча – 3 орун,
  • Магистратура программалары боюнча – 2 орун.

Адистикти жана мамлекеттик жогорку окуу жайды, талапкерлер өз алдынча тандай алышат.

Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырышы зарыл:

  1. Талапкердин арызы (тиркемеде);
  2. Паспорттун көчүрмөсү;
  3. Мурдагы алган билим деңгээли жөнүндө документтин көчүрмөсү транскрипти менен (бар болсо), ошондой эле жетишкендиги тууралуу орточо упайын көрсөтүү менен (бакалавриат программалары боюнча талапкерлер үчүн) же орточо упайын көрсөтүү менен GPA (магистратура программалары боюнча талапкерлер үчүн);
  4. Чет өлкөгө окууга кетип жаткандар үчүн медициналык маалымкат;
  5. ВИЧ/СПИД жоктугу тууралуу маалымкат;
  6. Флюорография;
  7. Орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
  8. Орус же англис тилиндеги сунуш кат;
  9. Соттолбогондугу тууралуу маалымкат.

Төмөнкү талаптарга жооп берген кандидаттарга сынакка катышууга уруксат берилет:

  • Бакалавриат программалары үчүн - орточо баасы "В" же "4 төн" төмөн эмес.
  • Магистратура программалары үчүн – орточо упайы 3.3 (4.0 төн ) төмөн эмес GPA же анын эквиваленти.

Эскертүү: документтердин пакети толук эмес болсо же жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген өтүнмөлөр каралбайт!

Документтер 2019-жылдын 22-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөчү, 257, 220-кабинет, маалымат үчүн сурап билүү телефону: 0 (312) 62 15 19.

Жүктөп алуу: Анкета.pdf​​

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт