Диффузная мастопатия деген диагноз коюлду. Эмизгенде айыгып кетеби?
Эки эмчек безинин диффузиялык мастопатиясы (диффузная мастопатия обеих молочных желез) деп диагноз коюшкан. Азыр боюмда бар эмизгенде айыгып кетеби?
“Medcenter.kg” медициналык борборунун адиси, маммолог
Диффузиялык мастопатия менен ооруп калуунун себептери көп. Гормоналдык бузулуу, катуу стресс алуу, калкан бези, эмчек бези жана жыныстык органдардагы көйгөйлөр эмчектеги шишиктердин пайда болушуна алып келет.
Азыр сиздин кош бойлуу болгонуңуз, андан кийин төрөп, бала эмизгениңиздин бардыгы гормоналдык фондун бир нече ирет өзгөрүшүнө себепкер болот. Ошондуктан бала эмизип бүткөнчө эч кандай дарылоонун зарылчылыгы жок. Бирок, тынымсыз маммологдун көзөмөлүндө болуп туруңуз.
Жашоо образыңызды эч өзгөртпөйсүз, мурункудай эле жүрө берсеңиз болот. Болгону, балаңызды эмчектен чыгаргандан кийин калкан безин, эмчек безин жана жыныс органдарыңызды УЗИге тарттыруу керек. Ага чейин шишиктердин тарап кетиши да толук ыктымал.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!