Жалкоолук менен кантип күрөшсө болот? Психолог жооп берет
2019.04.09, 11:40
2526
Мен өзүмдүн жалкоолугум менен күрөшө албай жатам. ЖРТга даярданганы план түзүп, бирок аны иш жүзүнө ашыра албай кыйналып келем. Кантип өзүмдү башкарсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.04.2019, 11:41
Каныша Кожогелдиева
Психолог
Урматтуу окурман, сизге биринчиден эрк керек. Качан гана ичиңиздеги эркти ойготуп, алдыга план коюп, ошону аткара баштаганда, жогоруда айткан жалкоолукту жеңе аласыз.
Адамдын психологиясы өтө назик болгондуктан аны башкарып кетүү мүмкүн. Ал эми башкаруу ар бир адамдын өзүнөн гана көз каранды болот.
Мисалы эртең саат 07:00до турам деп план коюп алыңыз да аны аткарыңыз. Башында кыйналасыз, убакыттын өтүшү менен бул адат болуп калыптанат. Маселенин чечилиши өзүңүздүн гана колуңузда.
Сизге ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп