Көзү чалыр болгондо операция менен оңдосо болобу? Офтальмолог жооп берет
Саламатсызбы. Көзү чалыр болгондо операция менен оңдотсо болобу? Жакшы врач керек болуп жатат.
Оксана Кутепова
Исманкулов атындагы көздүн микрохирургиясы борборунун адиси, офтальмолог
Саламатсызбы. Биринчиден ким жөнүндө сөз болуп жатат. Ошону тактап жазсаңыз болмок. Эгер кичинекей баланын көзү чалыр болсо аны аппараттык дарылоо жана көз айнек менен оңдосо болот. Булардан натыйжа чыкпаганы белгилүү болгондон кийин гана баланы операцияга алабыз.
Чоң киши үчүн операциядан башка жол жок. Көпчүлүк учурда көздүн чалыр болушу жакшы дарыланат. Бирок бала кезинен көзүнүн көрүшү да начар болсо, кылый көздүүлүк кайрадан кайта берет. Ал эми көрүүсү жакшы болгон учурда косметикалык эффект өмүр бою сакталып калат.
Операциянын узактыгы 20-25 мүнөт. Баасы 15 000 сомдун тегерегинде.