Мен квартирантмын. Кайсы поликлиникага барып көрүнсөм болот?
2019.04.08, 15:31
1019
Мен квартирантмын. Эч бир поликлиникада учетум жок. Ооруганда жеке менчик ооруканаларга кайрылганга туура келет. Алардын көрсөткөн кызматы үчүн баалары кымбат. Поликлиникадагы врач бизге карабайт экенсиң, деп кабыл албай койду. Эми кайда барам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2019, 15:33
Жылдыз Айгерчинова
Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-катчысы
Саламатсызбы окурман. Мындай учурда маселени чечүү оңой эле. Жашаган жериңизден убактылуу жашайт деген маалымкат алыңыз (домком, квартальныйдан), убактылуу каттоодон өтүңүз. Ал кагаз менен районуңузга тиешелүү поликлиникага барып, акысыз медициналык жардам алсаңыз болот.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп