// //

Жыныстык мүчөнү операция менен чоңойтуу канча турат?

2019.04.08, 13:47
4156

Bilesinbi.kg'ге жыныс мүчөнү кантип чоңойтсо болот деген суроо менен көп кайрылышат. Бул суроого пластикалык хирург Бакыт Омурзаков жооп берди. 

Жыныс мүчөсүн чоңойтуунун эки түрү болот.

  • Көлөмүн чоңойтуу
  • Узундугун чоңойтуу

Жыныс мүчөсүнүн көлөмүн чоңойткондо гиалурон кислотасынын негизиндеги инъекцияны теринин астына киргизет же липофилинг процедурасы жасалат.

Бул процедураны жасатуу үчүн бейтаптын клиникага жатуусунун зарылчылыгы жок. Хирург бейтаптын өзүнүн курсагынан, белинен же санынан май тканынын бир бөлүгүн алып, жыныс мүчөсүнө укол сайып киргизет. Ошону менен көлөмү чоңойтулат. Операция жергиликтүү анестезия менен жасалат. Андан кийин бир нече күнгө жыныстык катнаштан баш тартуу зарыл. Бир жуманын ичинде шишиги тарайт, адам күнүмдүк жашоосуна кайтып келе берет.

Липофилинг процедурасынан кийинки натыйжа өмүр бою сакталат. Ал эми гиалурон кислотасын колдонуу менен жасалган процедуранын эффектиси 1-1,5 жылга чейин жетет. Кийин бейтап кааласа, кайрадан кайталаса болот.

Жыныс мүчөнү узартуу үчүн байламтасы кесилет (подсечение связки). Бул операция да жергиликтүү анестезия менен жасалат. Белгилей кетчү жагдай, жыныс мүчөнү каалашыңча узартуу мүмкун эмес. Максималдуу узундук - 3 см.

Бир процедуранын баасы - 25 000 сом.  

Кайрат Чорочев, уролог андролог

Урологдорго жыныс мүчөнү крем, гель, мазь жана атайын көнүгүүлөр менен чоңойтуу мүмкүнбү, деген суроо менен кайрылгандар көп. Дагы бир ирет кайталап кетейин: жогоруда атап өткөн ыкмалардын бардыгы жардам бербейт. Себеби, жыныс мүчөдө булчуң жок, ал жалаң кан тамырлардан турат.

Эсиңерде болсун, интернет аркылуу жарнамаланып келген товарлардын бардыгы жөн гана жарнама.

Маалымат kaktus.media'дан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
30.04.2019, 15:30

Ой ата мен титан гелге ишенип атса. Рахмат силерге аз жерден интернеттеги жарнамалардын тузагына илинип калгандан жардам бердинер

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт