// //

Кыз кишилер атадан калган үйгө талапкер боло алышабы? Юрист жооп берет

2019.04.08, 13:21
1332

Атам каза болгонуна быйыл 1 жыл болот. Биз төрт бир тууганбыз, төртөөбүз тең кыз. Атамдын бир туугандары үйүбүздү өз атына каттатып, биз апам менен көчөдө калганы жатабыз. Ошондо кыз кишилер адам эмеспи? Биз эмне мураскер боло албайбызбы? Ушул маселе боюнча кимге кайрылсак болот?

Чон апамдын, чоң атамдын бир туугандарынын тааныштары көп. Бизде таяна турган кишибиз да жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2019, 13:23

Равшан Набиджанов

Юрист

Саламатсызбы окурман. Албетте, туугандарыңыздын кылып жатканы туура эмес. Мыйзам боюнча маркумдун мүлкүнө биринчи иретте анын жубайы, экинчи иретте анын балдары талапкер. Туугандарынын бири да ал мүлккө ээлик кыла албайт.

Сиз үйдүн документтеринин бардыгын топтоп, юристке кайрылышыңыз керек. Мисалы “Адилет” укуктук клиника жана Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги юристтер акысыз жардам көрсөтөт.

Суроолоруңуз болсо мага да чалсаңыз болот. Кененирээк түшүндүрүп берүүгө аракет кылам. Менин телефон номерим 0755 577793.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
01.06.2019, 14:04

Белеке берилген уйдун кызыл китебин толугу менен жоготуп алгам  кайра жасатсам болобу ? Болсо эмнеден баштасам болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт