// //

Боюмда бар, суусу “мутный” экен. Балага коркунучу жокпу? Гинеколог жооп берет

2019.04.08, 11:46
6072

Саламатсызбы. Менин боюмда бар. 18 жума болуп калды. УЗИге түшсөм, тонуңдагы суу тунук эмес экен деди. Мунун балага зыяны жокпу? Эмне себептен андай болуп калды?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2019, 11:47

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Тондогу суунун киргилт болушунун кесепети ар кандай болот (жуккан инфекциядан көз каранды) – жаңы төрөлгөн ымыркайдын узак убакытка чейин сарысы кетпейт, көзү чылпактайт, пневмония болуп же өнүгүүсү артта калышы мүмкүн.

Чарайна суусунун (оклоплодные воды) тунук эмес болушу инфекциянын бирден бир белгиси. Аны дарылоо үчүн дарыгердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарыланууну алуу керек. Гинекологдун айткандарын туура аткарып, ичкенден кийин кайрадан УЗИге түшүп анализ тапшырыңыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт