Ата-энем салган акчаны таежем алып коет. Адис жооп берет
2019.04.07, 14:17
1305
Апам менен атам Россияда иштейт. Сиңдим экөөбүз мектепке барабыз. Бизди таежем карайт. Апамдар бизге деп салган акчаны таежем өзүнө корото берет. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.04.2019, 14:18
Асель Рысбаева
Адвокат
Урматтуу окурман! Ата-энеңизге акча каражаттын дарексиз сарпталуусу тууралуу билдириңиз. Ошол эле кезде, таежеңиз силер үчүн жооптуу адам катары, сиздин жана сиңдиңиздин керектөөлөрүнө (тамак-аш, кийим-кече, жол кире ж.б.) кетирген чыгымдарын эске алууңуз керек. Мүмкүн сизге жагдай толугу менен түшүнүксүз. Алгач сурап билип, тактаңыз. Өз алдынча чечишип алаарсыз деген ойдомун.
0
Пайдалуу жооп