// //

Балам экөөбүз кылмыш кылдык окшойт. Бир аялдын баяны

2019.04.06, 12:57
4025

“Билесиңби” жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул жолку чыгарылышта, эшикти ачкандан коркуп калдым деген Гүлбайра эженин (аты өзгөртүлдү) катын жарыялайбыз.

Убагында балама айтсам укпай койгон

Саламатсызбы! Сөзүмдү эмнеден баштоону билбей турам. Чын эле курбум айткандай, чоң кылмыш жасап койдук окшойт.

Мындан бир жыл мурун 24төгү уулум 16дагы кызга үйлөнгөн (бир айдан кийин 17ге чыккан). Болочок келинимдин жашын билгенде, балама “жаш экен, башкасын эле алсаңчы”,- десем укпай койгон.

Кадимкидей эле куда түшүп бардык. Ата-энеси, эң маанилүүсү кыз өзү каршы болгон жок. Той берип, элден бата алдык.

Жыл айланбай неберелүү болдук. Келинибизди алып жатканда паспорту жок болчу. Никеси расмий түрдө катталган эмес. Эми минтип баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алалбай жатабыз.

Ал күнү базарга баргам. Капыстан курбума жолугуп калдым. Небереме күбөлүк алайын деп документ чогултуп жүргөнүмдү айтсам, сөздөн-сөз чыгып, келинимдин жашын сурап калды. 16 жашында келген десем, “жашы жете элек кезинде алыпсыңар, сен, балаң, кыздын ата-энеси, ага кошулуп нике кыйган молдо да соттолот?”- деди.

Ошол күндөн бери уйку жок. Аябай коркуп жатам. Биз кылмыш жасадыкпы? Чын эле соттолуп кетебизби?

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу окурман, мыйзам боюнча нике курагы он сегиз жаш деп белгиленген. Эгерде жүйөлүү себептер болсо, никеге турууну каалаган адамдардын өтүнүчү боюнча эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө болот.

Биз мыйзам буздукпу деген сурооңузга жооп бере кетсем. 

Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 178-беренесинде “Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган адамдан ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган адам, ошого тете жашы жетелек менен никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган жашы жеткен адам - II категориядагы (2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин) эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат” деп көрсөтүлгөн.

Бир сөз менен айтканда силер нике курагы жөнүндө мыйзамдарды сактаган жоксуңар. Бирок бул бүгүнкү күндө жоопкерчиликке тартыласыңар дегендик эмес. Анткени мыйзам боюнча “жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу, жазык жоопкерчилигинен бошотуу”  деген түшүнүк бар.

Силер сөзсүз жакшы бир юристке же жактоочуга кайрылгыла. Анткени тактай турган бир канча жагдайлар бар экен. Редакциядан мени менен байланышуу жолдорун алсаңар болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
30.04.2019, 15:37

Соттолуп кет уят да жашы жете элек кылмыш да

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт