Төшөк маселесинин айынан көп уруш чыгарам. Сексолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен кеңеш алгым келип жатат. Менин жашым 25те күйөөм 29да. Үйлөнгөнүбүзгө бир жарым жыл болду. Мен жыныстык катнаштын көбүрөөк болушун каалайм. Ал эми күйөм жактырбаган сыяктуу. Ушунун айынан көп уруш чыгарам. Кээде алдап да айтам, көнбөйт. Жумушунан чарчап келет. Кээде 2-3 айлап жатпай коет. Ортобуздагы жылуулуктун муздап кетишинен корком. Секстин жоктугунан ооруп калбаймынбы?
Сексуалдык ден соолук боюнча консультант
“Заметки Эралиевой” телеграм-каналынын автору
Саламатсызбы. Секстин жоктугунан ооруп калуу мүмкүн эмес. Жыныстык катнаштын жетишсиздигин камсыздоо үчүн алгач жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүңүз. Ага секстин өзү жагабы? Эмне үчүн сиз менен жыныстык катнашта болууну каалайбайт? – деп сураңыз.
Секстин азыркыдан көбүрөөк болушун каалаганыңызды түшүндүрүңүз. Эгер макул болсо жумасына канча жолу, боло турганын макулдашып, кадимкидей “расписание” түзүп алыңыз. Кайсы күнү, канчада, канча жолу. Алдын ала сүйлөшүп алсаңар, ошого даярдык көрүп, энергиялык ресурстарыңарды, убакытты туура бөлүштүрүп алганга мүмкүнчүлүк жаралат. Өзүңүздүн жана жолдошуңуздун кызыкчылыктарын эске алгыла. Уруш чыгаруунун зарылчылыгы жок.
Эгер жолдошуңуз канааттандыргандан да көбүрөөк секстин болушун кааласаңыз, анда мастурбация кылсаңыз болот. Бул сиздин жыныстык катнашка болгон каалооңузду басаңдатып, кумарыңызды кандырат.
Буга чейин сүйлөшүп көрбөгөн соң, секс жөнүндө ачык диалог оор боло турганын түшүнөм. Бирок, качандыр бир убакта баштоо керек. Башкысы өзүңүз эмнени каалап жатканыңызды так билишиңиз керек.