Түрмөдөн чыккандар кантип паспорт алса болот? Эксперт жооп берет
2019.04.05, 13:22
1471
Мен сурайын дегеним, балам 29 чыгат, паспорт ала элек. Себеби, түрмөдө отурган. Чыкканына беш жыл болуп калды. Кандай кылып паспорт алсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.04.2019, 13:24
Бакай Алишеров
КР мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Паспортту жаңыдан алуу үчүн төмөнкү документтер керек:
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ПИН;
- Ата-энесинин паспорттору;
- Үйдүн техпаспорту жана китепчеси;
- Жашаган жеринен маалымкат;
- Автобиографиясы;
- Түшүнүк кат;
- Эгер окуса, окуган жеринен маалымкат;
- Жаза мөонөтүн өткөн жеринен маалымкат;
- 3 коңшудан акт
- Мамлекеттик салыкты төлөө жөнүндө квитанция.
0
Пайдалуу жооп