// //

Мугалим окуучусу менен кат жазышса соттолобу? Юрист жооп берет

2019.04.05, 12:31
1564

Биздин мектепке дене тарбия сабагынан жаңы агай келген. Ал 22 жашта. Жакында эле анын телефонун алып, экөөбүз вотсап аркылуу кат жазыша баштадык. Мен аны жакшы көрүп калдым. Дос кызым "экөөңдүн жазышканыңар билинип калса, агайды соттоп жиберишет",- деди. Бул чынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.04.2019, 12:32

Асель Рысбаева

Адвокат

Жөн гана телефон аркылуу жазышуу үчүн соттолуп кетет деп айтуу кыйын. Мындай учурда мугалим менен окуучунун ортосундагы кат жазышуулардын мүнөзүн билүү керек. Эгерде, кат жазышууда мугалим кандайдыр бир ыплас аракеттерди жазаса (порнографиялык сүрөттөрдү, видеожазууларды жиберген болсо), мындай жосундар кылмыш деп табылат жана үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Менин кеңешим: Турмушка карай эң алгачкы кадамдар адам жетилип, мектепти, андан кийин окуу жайды аяктап, бир кесиптин ээси болгондо гана башталат. Өспүрүм кыздар/балдар алгачкы жылуу сезимдерди анык, чыныгы сүйүү менен адаштырбай, көбүрөөк окууга көңүл бөлүүсү абзел. Албетте, сырдаша турган учурда ата-энеге кайрылуу туура, болбосо улуу муундан жакын бирөө менен ой бөлүшүү керек.

Ал эми, мугалимдер жашы жете электер менен иш алып барууда абайлап, бой жетип келе жаткан өспүрүм кыздарга/балдарга көңүл көрсөтүүдөн оолак болуусу зарыл. Мугалим үчүн ал окуучу, жана педагог катары анын бирден бир милдети – билим берүү, тарбиялоо!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт