Тишимди дарылаткандан кийин боюмда бар экенин билдим. Балага зыян эмеспи?
2019.04.05, 11:00
1724
Саламатсызбы, менин тишим ооруганынан 5 күн кетонал ичкем. Андан кийин тиш доктурга көрүнгөдө, 3 жолу укол сайган. Боюмда бар экенин кийин билдим. 1 ай болуп калыптыр. Балага зыян эмеспи? Аябай ойлонуп жатам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.04.2019, 11:00
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Саламатсызбы. Эгер уколдун өзүнө аллергияңыз жок болсо, кош бойлуу кезде деле тишке укол сайса болот. Ал эми балага зыян тийген-тийбегенин УЗИге түшүп билсеңиз болот.
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Генетиктен консультация алышыңыз керек. Кетонал жана стоматологияда ооруну басуу үчүн колдонулган башка препараттар кош бойлуулуктун жүрүшүнө таасирин тийгизбейт.
0
Пайдалуу жооп