Бир айдын жөлөкпулун бербей коюшту? Адис жооп берет
Мен январда жөлөкпул алгам, анан узартышым керек эле. Документтерди февралдын 4үндө тапшыргам. Мартта жөлөкпул алдым, февралдыкын алган жокмун. Сурайын дегеним, февралдыкын бериши керек беле?
Айкөл Турганбаева
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасында колдонулган мыйзамга ылайык, мамлекеттик жөлөкпулга документтерди тапшырган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн баштап төлөнөт. Демек, сиз документтериңизди 4-февралда тапшырган болсоңуз, жөлөкпул март айынын биринен жүргүзүлөт.
Эгерде сиз мурда жөлөкпул алып жүрсөңүз, кайрадан жөлөкпулга тапшыра турган болсоңуз, анда документтериңизди жөлөкпулдун мөөнөтү бүтөөрүнө аз калганда алып келишиңиз керек. Башкача айтканда, февралда бүтө турган болсо, январь айында тапшыруу зарыл.