// //

Жөлөкпул чектөөдө балдардын саны эске алынабы? Адис жооп берет

2019.04.04, 14:11
1482

Саламатсызбы! Канча баладан баштап жөлөк пул төлөнөт жана кайсы учурда төлөнбөйт. Мен өзүм декреттемин, жолдошумдун туруктуу жумушу жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.04.2019, 17:00

Айкөл Турганбаева

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери 

Саламатсызбы! Сиз аман-эсен көз жарып алган соң, "балага сүйүнчү” жөлөкпулун алсаңыз болот. Андан кийин бала төрөлгөндөн баштап 16 жашка чыкканга чейин “Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулу дайындалат.

Үй-бүлөдө бир бала болобу же андан ашык болобу, жөлөкпул төлөөдө баланын санына карабайт.

“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулу 12 айга дайындалат, өлчөмү 810 сом.

“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер гана эске алынат.

Эгерде сиз бийик тоолуу аймактарда жашасаңыз, жөлөкпул райондук коэффициенттерди эске алуу менен дайындалат.

Үй-бүлөнүн кирешеси, курамы өзгөргөндө же башка жакка көчүп кеткенде жөлөкпул чектөө токтотулат.

Ал эми күйөөңүздүн туруктуу жумушу жок болсо райондук жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына жумушсуз деп каттоого турушу керек. Себеби балдарга жөлөкпул дайындоо “жумушсуз” деген маалмыкат талап кылынат. Ал эми аял кишилер балдары 3 жашка толмоюн каттоого турбайт. Ошондой эле, бул башкармалыктар бекер кыска мөөнөттүү курстарды окутуп, жумушка киргизүүгө көмөктөшөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт