Менин боорум шамалдап калыптыр. Эмне кылышым керек?
2019.04.04, 13:00
1261
Саламатсызбы. Мен табыпка бардым. Ал тамырымды кармап туруп, бооруң шамалдап калыптыр, деди. Боор шамалдаса кандай болот? Аны текшерүү үчүн кандай анализ тапшырышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.04.2019, 13:01
“Medcenter.kg” медициналык борборунун адиси, пульмонолог
Урматтуу окурман, боордун шамалдап калуусу үчүн эмне деген бороон керек?
Табыпка эмне себептен бардыңыз? Азыркы тапта сиздин тынчыңызды алган оору барбы? Эгер эч жериңиз оорубаса, сарык болбосоңор, тамак ичкениңиз, табитиңиз өзгөрбөсө, анализ тапшыруунун кажети жок.
0
Пайдалуу жооп