// //

Пайдалуу кеңеш: Сабизден жасалган маскалар майда бырыштарды кетирет

2019.04.03, 15:22
2844

Bilesinbi.kg’ге косметолог Асель Алымбаева жаз мезгилинде жасала турган маскалар тууралуу айтып берди.

Жазында биздин терибиз өзгөчө кам көрүүгө муктаж. Себеби, кышкы суук жана үйдүн ичиндеги жылуулук терибизди кургатып, алсыздандырат. Ошондой эле кышкысын биздин организмдеги витаминдер балансы төмондоп, анын кесепети терибизге терс таасирин тийгизет.

Бардыгын калыбына келтирүү үчүн витаминдүү жана азыктандыруучу маскаларды колдонуу керек. Учурда, сатыкта даяр маскалардын түрү көп. Алардын химиялык, технологиялык курамы жана консистенциясы мыкты түзүлгөн. Даяр маскалар менен колдонуу кыйла ыңгайлуу.

Бирок, табигый маска жасаганды жактырган кыз-келиндер үчүн үй шартында жасалуучу маскалар тууралуу айтып берейин. Төмөндөгү маскалар бет терисине абдан пайдалуу, ал эми аларды даярдоо оңой.

  1. Бет териси кургак жана кадимки типтеги айымдар үчүн
  • 1-2 сабиз
  • 1 жумуртка
  • 5-10 тамчы зайтун майы

Сабизди майда тёркадан өткөрүп алабыз, жумуртканын сарысын кошобуз, эгер бетиңердин териси өтө кургак болсо, анда 5-10 тамчы зайтун майын кошобуз. Жакшылап аралаштырып, даяр масканы бетибизге сүйкөйбүз. 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салабыз.

Таасири: терини сергитет, майда бырыштарды кетирет, витаминдер менен байытат.

  1. Бет териси майлуу жана аралаш айымдар үчүн
  • 1 картошка
  • 1 жумуртка
  • кичине жылуу сүт

Картошканы кабыгын ачыбай туруп сууга бышырабыз, тышын тазалап, эзебиз, жумуртканын сарысын жана бир аз жылуу сүт кошуп, аралаштырабыз. Даяр масканы жылуу бойдон бетке сүйкөп, 15-20 мүнөткө калтырабыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салабыз.

Таасири: бул маска бетти сергитет, кара чекиттерди кетирет, теридеги токсиндерди чыгарат.

Ошондой эле, жазында күндүн тийиши күчөйт. Сыртка чыкканда күндөн коргоочу кремдер: СПФ 35-50 менен колдонууну эстен чыгарбаңыз.Себеби, кыштан кийин беттин териси күндүн нуруна даяр эмес, ошондуктан бетиңерди сепкил басып кетиши мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт