Мага тиешелүү жерди байкем талашып жатат. Эмне кылышым керек?
Атам каза болгондон кийин жер үлүшү мага мурас катары өткөн. Чоң атам (атамдын агасы) да өз жерин мага өткөрүп берген. Документтердин бардыгы жайында. Бирок, атамдын иниси жерди менден талашып жатат. Мен жер иштетпесем да салыктардын бардыгын убагында төлөп турам. Кыз бала болгондуктан талаачылык менен алектенүү кыйын болууда. Ижарага берсем, аларга барып, жер айдаттырбай коюптур. Эмне кылышты билбей калдым?
Ширин Алмазова
Юрист
Саламатсызбы. Сиз жер үлүшүнүн мыйзамдуу ээси болуп эсептелесиз. Атаңыздын бир тууганы сизге мурас катары өткөн мүлккө талапкер боло албайт. Жер менен колдонуу укугуна ээ болгон соң, аны ижарага бересизби, өзүңүз иштетесизби же башка чараларды көрөсүзбү, ал сиздин укугуңуз жана ишиңиз.
Байкеңиздин иш аракеттери мыйзамсыз жана мүлк ээси үчүн аны менен колдонууда тоскоолдуктарды жаратууда. Мыйзамга ылайык, сиз ал адамды сотко берип жоопко тарта аласыз.