// //

Айызым үч айдан бери келе элек. Гинеколог жооп берет

2019.04.03, 11:50
1384

Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын. Айызым үч айдан бери келе элек. Эмне себептен болду экен?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2019, 11:52

Аль Ахмад Шифа Хасан

Гинеколог

Узак убакытка чейин айызынын жоктугу медицинада аменорея - деп аталат. Буга бир нече себеп бар:

  1. гормоналдык фондун бузулушу;
  2. стресс;
  3. кыска убакыттын ичинде кескин арыктоо;
  4. механикалык фактор. Мисалы эрозияңыз бар болсо, аны гинеколог күйгүзүп берсе, жараттын тырыгы цервиалдык каналдын үстүндө болуп калышы мүмкүн. Мындай учурда, кан айыз катары ай сайын чыкпай жатындын ичине топтолуп тура берет.

Кандай болгон күндө да, этек кирдин жоктугу ден соолугуңузга зыян алып келет. Ошондуктан, кечиктирбей доктурга кайрылганыңыз оң.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт