Айызым үч айдан бери келе элек. Гинеколог жооп берет
2019.04.03, 11:50
1531
Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын. Айызым үч айдан бери келе элек. Эмне себептен болду экен?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2019, 11:52
Аль Ахмад Шифа Хасан
Гинеколог
Узак убакытка чейин айызынын жоктугу медицинада аменорея - деп аталат. Буга бир нече себеп бар:
- гормоналдык фондун бузулушу;
- стресс;
- кыска убакыттын ичинде кескин арыктоо;
- механикалык фактор. Мисалы эрозияңыз бар болсо, аны гинеколог күйгүзүп берсе, жараттын тырыгы цервиалдык каналдын үстүндө болуп калышы мүмкүн. Мындай учурда, кан айыз катары ай сайын чыкпай жатындын ичине топтолуп тура берет.
Кандай болгон күндө да, этек кирдин жоктугу ден соолугуңузга зыян алып келет. Ошондуктан, кечиктирбей доктурга кайрылганыңыз оң.
0
Пайдалуу жооп