Фиброаденома болсо сөзсүз операция жасатуу керекпи? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Менин жашым 23тө, турмушка чыга элекмин. Сол эмчегим ооруганынан маммологго барсам, фиброаденома бар деп айтты. Сөзсүз операция кылыш керек экен. Дары ичип жок кылганга болбойбу? Жооп берип коюңузчу?
"Medcenter.kg" медициналык борборунун адиси маммолог
Фиброаденома – бул залалсыз шишик (доброкачественная опухоль). Аны хирургиялык жол менен гана алууга болот. Фиброаденома бириктирүүчү ткань болгондуктан эч кандай дары менен жок кылууга мүмкүн эмес.
Эгер сиздин шишик өтө терең эмес жайгашкан болсо, аны жергиликтүү анестезия менен алса болот. Ал эми, корксоңуз, анда жалпы наркоз менен жасалат.
Операциянын өзү 20-30 мүнөт созулат. Наркоз тарагандан кийин дароо үйгө чыгып кете берсеңиз болот.
Шишик локалдуу алынгандыктан, сүт каналдарына доо кетүүсү минималдуу. Кийинки балалуу болушуңузга жана аны эмизүүңүзгө эч кандай зыянын тийгизбейт.
Мындай диагноз коюлса көпкө созбоңуз, кичине болуп турган кезинде алып салуу кыйла жеңилирээк. Мезгил өткөн сайын шишик чоңоюушу мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!