// //

Биринчи жардам: Денең күйгөндө эмне кылуу керек?

2019.04.02, 17:22
41157

Денеңди күйгүзүп алуунун кандай түрлөрү болот? Дарыгерге алып барганга чейин кандай чараларды көрүү керек? Кайсыларын такыр жасаганга болбойт? Bilesinbi.kg’ге Бишкек шаарынын тез жардам борборунун реанимациялык кызматынын жетекчиси Егор Борисов айтып берди.

Денени күйгүзүп алуунун 3 түрү болот.

Термикалык –  кайнак сууга, ысык тамака, майга, же күнгө күйгөндө.

Химиялык –  химиялык затка күйгөндө. Мисалы, уксус кислотасы, щелочь жана аралашылбаган суу тек кычкылын камтыган айрым тазалоочу каражаттар.

Электрдик –  электр тогуна күйгөндө.

Биринчи жардам көрсөтүү

  • Денени күйгүзүүгө себеп болгон фактордун өзүн жокко чыгаруу зарыл.
  • Дароо сууну агызып коюп, 10-15 мүнөт кармагыла. Бул жылуулукту тартып алып күйгөн жерди муздатат, бирок суу өтө муздак болбосун.
  • Жаракат алган адамдын шакегин, саатын, куурун, жана кийимин (эгер жабышып калбаса) этияттык менен чечкиле.
  • Олазоль же Пантенол спрейин колдонгула (эгер үйдө бар болсо).
  • Күйгөн жерди ным марли, же чүпөрөк менен жаап койгула.
  • Жаракат алган адамга көбүрөөк суюктук бергенге аракет кылгыла.
  • Тынч жаткырып, ооруну басуучу (обезбаливающий) каражат бериңиз.

Күйүктүн даражасын (степень ожога) аныктоо

1-даража: тери кызарат.

2-даража: күйгөн жери шишип, ыйлакча пайда болот.

3-даража: ыйлакча жарылып, суусу агат.

4-даража: күйгөн жери карарып, сезимталдуук жоголот.

Күйгөндө эмненлерди такыр жасаганга болбойт?

  • Май, каймак, крем, тиш жууган паста, картошка, жумуртка ж.б. колдонууга такыр болбойт! Терини күйгүзүп алгандан кийинки биринчи максат - бул жаракат алган жерди муздатуу. Ал эми күйгөн жерге май, каймак сүйкөсөңөр, же картошканы койсоңор, ал теринин бетин жаап, тез муздашына тоскоол болот.
  • Тиш пастасын колдонууга такыр болбойт! Пастаны жөн эле териге сүйкөгөндө деле бир аздан кийин ачыштырып, кызартып салат. Эми ошону күйгөн жерге сүйкөгөндө эмне болорун элестетип көргүлө.
  • Муз менен да муздатканга болбойт! Себеби, теринин бети жаңы эле ысыктан жабыркады, аны кайра муз же кар менен бассаңар муздактан жаракат алат.
  • Ыйлакчаларды өз алдынча тешпегиле!
  • Катуу күйгөндө кийими жабышып калса, аны сыйрып алганга аракет кылбагыла!

Кандай учурда дарыгерге сөзсүз кайрылуу керек?

  • Эгер күйгүзүп алган жердин көлөмү жабыркаган адамдын алаканы менен өлчөгөндө 5тен көп болсо.
  • Эгер кичинекей бала же улгайып калган адам жабыркаса.
  • Эгер 3-даражадагы күйүк болсо.
  • Эгер баш, көз, мурун, ооз, дем алуу органдары жабыркаса.
  • Эгер чурай тушу (паховая область) жабыркаса.
  • Эгер эки колу же эки буту күйсө.

Кошумча маалымат

  • Адамдын алаканынын бети анын терисинин 1% барабар.
  • Дем алуу органдарын куйгүзүп алуу, дененин 30% күйгүзүп алганга барабар жана 1-даражадагы күйүк болуп саналат.
  • Эгер күйгүзүп алган жердин диаметри 5 сантиметрден чоң эмес болсо, анда тез жардам чакыруунун зарылчылыгы жок. Бирок, бары бир эртеси доктурга көрүнүү зарыл.
  • Этият болуңуз, балдарыңызды жана өзүңүздү күйүп калуу кокустугунан сактаңыз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Ч
Чынгыз Турганбаев
30.04.2019, 15:52

Урматтуу эксперттер конкреттуу жоопту бере албаптырмынар. Мисалы менин колумду куйгузуп алганда кадимки ашкана тузу жардамга келген. Ал куйукту ооруну жайлатат

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт