// //

Каза болгон күйөөмдүн кара кагазын ала албай жатабыз. Кимге кайрылсак болот?

2019.04.02, 15:44
1041

Күйөөм автокырсыктан каза тапкан. Тез жардам менен ӨКМ келип моргго алып кетишкен. Кайын атам соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, сөөктү алып келе берген. Эми кара кагазын ала албай жатабыз. Эмне кылышыбыз керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.04.2019, 15:49

Эрнис Акунов

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору

Саламатсызбы урматтуу окурман. Жолдошуңуздун арты кайырлуу болсун. Эгер маркумдун сөөгүн силер айтып жаткандай алып кеткен болсоңор, тилекке каршы, мыйзам боюнча, өлүм тууралуу күбөлүк бере албайбыз. Бул маселени чечүү үчүн эки жолу бар:

  1. Эксгумация жасатып, кайрадан моргго алып келип соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, мыйзамдуу түрдө күбөлүк алуу.
  2. Сот аркылуу адамды өлдү деп аныктоо. Чыккан бүтүмдүн негизинде, биз өлүм тууралуу күбөлүк беребиз.

Эксгумация – бул соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн сөөктү көрүстөндөн алып чыгуу.     

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт