Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
2019.04.02, 14:43
54849
Уруктуктун эрте түшүшү жыныстык жашоого терс таасирин тийгизет: аял кумар алганга жетишпей калат, эркек өзүн жемелейт.
Bilesinbi.kg бир нече уролог жана сексологдор менен байланышып, жыныстык катнашты кантип узартса болоорун сурап көрдү.
Жыныстык катнашты узартуу ыкмалары
Энергияңызды туура сарптайсызбы? Тамактануу, уйку режимиңиз нормадабы? Жашоо образыңызды карап чыгыңыз. Ашыкча тамактануудан, майлуу, ачуу, газдалган азыктардан алыстаңыз. Убагында эс алып, спорт менен машыгыңыз.
- Уруктуктун эрте түшүшүнө жыныстык катнаштын жыштыгы таасир берет: жыныстык катнаш канчалык аз болсо, бел суу ошончолук бат түшөт. Андыктан төшөк оюнун регулярдуу кылганга аракеттениңиз.
- Фрикцияны (жыныстык катнаштагы кыймыл) токтотуу менен да төшөк оюнун узартуу мүмкүн. Эрекция жакындап калганда кыймылды токтотуп (жыныс мүчөнү аялдын кынынан алып чыкпастан), төмөндөгөндө кайра улантуу керек.
- Көпчүлүк учурда жыныстык катнашка экинчи ирет барган эркектер аялды оргазмга жеткире алат.
- Өнөктөшүңүздүн жардамы менен бел суунун эрте түшүшүн алдын алсаңыз болот. Ал үчүн эякуляция жакындап калганда, жыныс мүчөнүн башын манжа менен басып, дүүлүгүнү токтотуңуз. Бул ыкманы бир нече ирет кайталаңыз.
- "Дагы баягыдай болуп эрте түшүп калса эмне кылам" деген пессимист ойлордон арылыңыз.
- Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кадимки презерватив жардамга келет. Презерватив жыныс мүчөнүн сезимталдуулугун төмөндөтөт, натыйжада эрекция узарат.
Эскертүү! Аталган көнүгүүлөрдү жасоодон мурун, уролог, сексолог же психологго кайрылып эмне үчүн бул көйгөйгө туш болгонуңуздун себебин аныктаңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.